Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:03

Акыркы коңгуроодо тартипти төрт миңге чукул милиция көзөмөлдөйт


Мектеп окуучулары, Бишкек
Мектеп окуучулары, Бишкек

Кыргызстанда акыркы коңгуроого байланышкан салтанаттар учурунда, 26-27-майда коомдук тартипти көзөмөлдөөгө үч жарым миңден ашуун милиция кызматкери тартылат. Ички иштер министрлиги кабарлагандай, атайын даярдалган кызматкерлерден мобилдик топ да түзүлдү. Мектептерде тартипти камсыздоо жана оркуучулардын коопсуздугу үчүн жоопкерчилик райондук, аймактык ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилерине жүктөлдү. Ошондой эле милиция мыйзамга ылайык, жайкы мезгилде кечки саат 11ден таңкы 6га чейин жашы жете электерге чоңдордун коштоосу жок көчөдө жүрүүсүнө тыюу салынарын эскертүүдө. (NT)

XS
SM
MD
LG