Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:14

Барак Обама "Талибандын" лидеринин өлүмүн ырастады


Барак Обама
Барак Обама

Кошмо Штаттардын президенти талиптердин лидери Ахтар Мансур молдонун өлтүрүлүшүн Ооганстанда тынчтыкка жетишүүдөгү “маанилүү бурулуш” деп атады. “Биз, америкалык жана коалициялык күчтөргө каршы чабуулдарды, кутумдарды уюштуруп, ооган калкына каршы согушуп жаткан, өздөрүн экстремисттик "аль-Каидага" теңеген уюмдун лидерин жок кылдык” деди Барак Обама 23-майдагы билдирүүсүндө.

Ооган бийлиги Мансур 21-майда Пакистандын түштүк-батышындагы Белужистан провинциясында, Ооганстан чегине жакын жерде АКШнын учкучсуз учагынын соккусунан өлгөнүн тастыктады. Пакистандын тышкы иштер министрилиги соккуну эгемендүүлүгүн бузуу катары баалап, АКШнын ал тууралуу Исламабадга кабар бербегенинин айыптады.

Ахтар Мансур 2015-жылы июль айында, талиптердин мурунку лидери Мохаммад Омар эки жыл мурун Карачи шаарында өлгөнү белгилүү болгондон кийин жаңы лидер болуп жарыяланган. (AiT)

XS
SM
MD
LG