Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Август, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:18

Караколдо 15 жаштагы өспүрүм өз жанын кыйды

Каракол шаарында 15 жаштагы окуучу кыз бешинчи кабаттан секирип, ошол жерден көз жумду. Окуя 21-майда шаардын Кашка-Суу кичи районунда болгон. Маркум өзү жашаган үйдүн терезесинен секирген. Милиция анын өлүмүнүн чоо-жайын иликтөөгө киришти.

Каза болгон кыздын апасы Караколдогу медициналык мекемелердин биринде санитардык кызматкер болуп иштейт. Эки жыл мурун анын улуу кызы да жол кырсыгынан каза тапкан. ( AsM)

XS
SM
MD
LG