Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:33

Австрияда президенттик шайлоодо талапкерлер дээрлик тең чыгууда


Норберт Хофердин талапкерлеринин жыйыны.
Норберт Хофердин талапкерлеринин жыйыны.

22-майдагы шайлоодо ашынган оңчул Эркиндик партиясынын талапкери Норберт Хофер менен Жашылдар партиясынын өкүлү Александер ван дер Велле таймашты. Бюллетендердин 97% саналып бүткөндөн кийин эки талапкер тең 50%дын тегерегинде добуш алганы аныкталды.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Хофер 51,9%, анын атаандашы Велле 48,1% добуш алууда. Бирок бул жерде почта аркылуу берилген добуштар эсепке алынган эмес. Акыркы жыйынтыктар бүгүн, 23-майда чыгарылат.

Австриядагы шайлоодо миграция кризиси көңүл борборунда болду. Бул өлкөдө 90 миңдей мигрант баш калкалоодо. Алар Австрия калкынын 1% түзөт. Австрия өкмөтүнүн миграция саясаты ашынган оңчулардын позициясын күчөткөнү кабарланган.(AiT)

XS
SM
MD
LG