Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:06

Азиздер жана дүлөйлөр коомунун 40тан ашык мүчөсү жетекчилигине нааразы


Азиздер жана дүлөйлөр коомунун нааразы болгон мүчөлөрү.
Азиздер жана дүлөйлөр коомунун нааразы болгон мүчөлөрү.

Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун 40тан ашык мүчөсү жетекчилигине нааразы болуп бийликке, жалпыга маалымдоо каражаттарына кайрылышты. Алар аталган коомдун президенти Калык Мамбетакунов майыптар үчүн курулган батирлерди жең ичинен бөлүштүргөнүн, бул батирлерден дени-карды соолор да алганын “Азаттыкка” билдиришти.

Калык Мамбетакунов майыптар үчүн мамлекеттин эсебинен курулган батирлерди адилетсиз таратканын, коомдун энчисинде бир нече ишкана бар болгону менен, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жумушсуз жүргөнүн айтышты. Азиздер жана дүлөйлөр коомунун бир катар мүчөлөрү үйгө байланыштуу жетекчилигине көптөн бери нааразылык билдирип келатышат.

Мамбетакунов болсо бул айтылгандарды куру доомат катары баалап, өлкө боюнча үй алууга кезек күткөн майыптардын саны 2500гө жакын экенин жана алардын баарын турак жай менен камсыздоого чама жетпей жатканын айтып келет. (NT)

XS
SM
MD
LG