Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:57

Ирандын Чабахер портун үч өлкө иштетет


23-майда Тегеранда Ирандын Чабахер портун хабга айлантуу тууралуу келишим түзүлдү. Ага кол койгон Индиянын өкмөт башчысы Нарендра Моди хабды региондо экономикалык өсүшкө өбөлгө түзө турган маанилүү долбоор деп атады. Индия бул долбоорго 500 млн. доллар инвестиция салып, аны иштетүүгө катышат.

Иран президенти Хасан Роухани Ирандын түштүк-чыгышында жайгаша турган хаб үч өлкөнүн “кызматташуусунун чоң символуна айланышы мүмкүн экенин”. Ооганстан президенти Ашраф Гани да 23-майда Тегеранга учуп келип, келишимге кол коюуга катышты.

Пакистанды кыйгап өтүүчү Чабахер портун үч мамлекет биргелешип иштетмекчи. Иран жана Индия аэрокосмикалык, биотехнология, нанотехнология жана террорчулукка каршы күрөш боюнча да келишимдерге кол коюшту. (AiT)

XS
SM
MD
LG