Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:06

Казакстандык журналист 1.5 жылга эркинен ажыратылды


Алматы шаарындагы Алматы райондук сотунун судьясы Нариман Бегалиев журналист Гүзал Байдалинованы 18 айга эркинен ажыраткан чечим чыгарды.

48 жаштагы Байдалинова Nakanune.kz сайтында "Казкоммерцбанк" жөнүндө буйрутма макалаларды жарыялаган деп айыпталды. Журналист ишкер Таир Калдыбаев менен ич ара келишип алып, жалган маалыматтарды тараткан деп табылды. Ишкер Калдыбаев болсо 4.5 жылга эркинен ажыратылды.

Байдалинова акыркы сөзүндө күнөөсү өтө аз болгондуктан, аны күбө катары сурап, актоону соттон өтүндү. Калдыбаев күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алып, соттон эркиндигин чектебеген жаза колдонууну сурады.

Байдалинова "Казкоммерцбанктын" доо арызынан кийин декабрь айында камакка алынган. Nakanune.kz көз карандысыз, бийлик органдары тууралуу сын көз караштагы маалыматтарды тараткан сайт болуп эсептелет. (AiT)

XS
SM
MD
LG