Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:24

Австрияда президенттик шайлоонун жеңүүчүсү аныкталды


Александер Ван дер Беллен
Александер Ван дер Беллен

22-майда өткөн президенттик шайлоонун жеңүүчүсү катары солчул талапкер Александер Ван дер Беллен таанылды. Ашкере оңчул партиянын талапкери Норбер Хофер Ван дер Беллен менен тең чыгып келаткан. Австриянын Ички иштер министрлигинин маалымдосу боюнча, Ван дер Белленге шайлоочулардын 50.3%, Хоферге 49.7% добуш берди. Ортодогу айырмачылык 31 миң добуштун тегерегинде гана болду.

Европа Биримдигин колдогон көз карандысыз талапкер Ван дер Белленди Жашылдар партиясы кубаттоого алды. Оңчул Эркиндик партиясынын талапкери Хофер Европа Биримдигине каршы чыгып, анын миграциялык саясатын сынга алып чыккан. Ал жеңилгенин моюнга алды.

Жеңишке жетишкен Ван дер Беллен 71 жашта. Ал экономика боюнча адис жана Жашылдар партиясынын мурунку лидери. (AiT)

XS
SM
MD
LG