Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:16

Нарымбаев жана Коркмазовдун соту уланат


Коркмазов менен Нарымбаев сот залында.
Коркмазов менен Нарымбаев сот залында.

Бишкек шаардык сотунда президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты Хажимурат Коркмазовдун үстүнөн сот иши уланат. Кечээки сот жараянында сот тараптардын жарыш сөзүн угууга киришкен. Анда Данияр Нарымбаев да, Хажимурат Коркмазов да күнөөсүз экендигин айтышты.

Нарымбаев менен Коркмазовдун адвокаттары аларды актоону, прокурор жазаны катаалдаштырууну суранган.

Бүгүн соттолуучулардын акыркы сөзү угулары күтүлүүдө.

Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаев Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеев камакта жаткан кезде анын кызынан 200 миң доллар пара талап кылган, ал эми Хажимурат Коркмазов бул иште ортомчулук кылган деп айыпталууда.

Биринчи Май райондук соту аларга тагылган коррупция, кызмат абалынан пайдалануу деген айыптарды кыскартып, көз боёмочулук деген күнөө менен Нарымбаевди 3, ал эми Коркмазовду 1,5 жылга эркинен ажыраткан эле.(BkA)

XS
SM
MD
LG