Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:49

Орусияда уруксатсыз эмгектенген 200дөн ашык мигрант кармалды


Москвада тигүү цехтеринде уруксатсыз иштеген 200дөн ашык чет элдик мигрант кармалды.

Бул тууралуу Орусиянын күч органдары кабарлады. Маалыматка ылайык, кармалгандардын көпчүлүгү Орусияда мыйзамсыз иштеп келген. Алардын кайсы өлкөлөрдүн жарандары экени азырынча ачык айтылган жок.

Милициясынын маалыматына караганда, аталган адамдар тигүү цехинде дүйнөлүк белгилүү бренддердин логотиби менен кийимдерди тигишкен. Андан соң тигилген кийимдер Орусиянын базарларында сатылган. Учурда аталган цехтин кожоюндары аныкталууда.

Орусиядагы Кыргызстандын элчилигинен кармалгандар арасында кыргызстандыктардын бар же жок экендиги тууралуу маалыматты тактоо мүмкүн болгон жок.(BkA)

XS
SM
MD
LG