Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:57

Ирак армиясы Фаллужанын бир нече районун кайтарып алды


Фаллужа шаарында согушкерлер менен кармашып жаткан Ирак жоокерлери
Фаллужа шаарында согушкерлер менен кармашып жаткан Ирак жоокерлери

Ирактын күчтөрү Фаллужа шаарынын жака белиндеги бир топ райондорду “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунан кайтарып алды. Расмий маалыматка караганда, чабуул башталгандан көп узабай армия эртең менен калаанын батышындагы Гарма, Шихаби жана ал-Сежар чөлкөмдөрүнө кирип барды.

Премьер-министр Хайдар ал-Абади "операция ийгиликтүү жүрүп жатканын" айтып, ошол эле маалда уруш оңой болбой турганын, эң негизги максат карапайым тургундардын өмүрлөрүн сактап калуу экенин белгиледи. Өкмөт башчы Фаллужаны таштап кетип жаткан эл үчүн коопсуздук коридорлору түзүлгөнүн кошумчалады.

Улуттар уюму шаарда калып жаткан 50 миңдей киши чоң коркунучка кабылганын, алардын чыгып кетиши үчүн шарт түзүлүшү керектигин эскерткен.

Фаллужа калктын басымдуу бөлүгүн сунилер түзгөн Анбар провинциясынын ири шаарларынын бири.

Буга чейин жыл башында Ирак армиясы Рамади шаарын “Ислам мамлекети” радикал тобунун согушкерлеринен тазалаган. Бул – ошондон берки экинчи ири чабуул болуп калды.

XS
SM
MD
LG