Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:12

Рим папасы менен Ал-Ахсардын башкы имамы Ватиканда кездешти


Рим папасы Франциск менен Каирдин Ал-Ахсар мечитинин башкы имамы Шейх Ахмед ал-Тайеб.
Рим папасы Франциск менен Каирдин Ал-Ахсар мечитинин башкы имамы Шейх Ахмед ал-Тайеб.

Рим папасы Франциск дүйшөмбү күнү Ватиканда Каирдин Ал-Ахсар мечитинин башкы имамы Шейх Ахмед ал-Тайеб менен тарыхый жолугушуу өткөрдү. Эки динаятчы бир-бири менен жылуу учурашканы кабарланууда. Католик чиркөөсүнүн лидери менен суннит мусулмандарынын жогорку диний өкүлү буга чейин Ватиканда бир да жолу жолуга элек болчу.

Мындан беш жыл мурун Папа Бенедикттин комментарийлери Ал-Ахсар жетекчилеринин катуу сынына кабылгандан кийин тараптардын диалогу токтоп калган.

Маалыматтарга караганда, динаятчылар тынчтыкты жана христиандар менен мусулмандардын жанаша жашоо принциптерин жайылтуу максатында жолугушту.

Кездешүү 30 мүнөткө созулду.

XS
SM
MD
LG