Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:48

Диний экстремизм Евробиримдикке коркунуч жаратууда


Террорчулукка каршы операция.
Террорчулукка каршы операция.

Европа биримдигинде өткөн жылы 200дөн ашуун террордук чабуул аракеттери жана кол салуулар катталган. Бул тууралуу Европолдун Терроризмге каршы борборунун жетекчиси Мануэл Наварет Паниагуа билдирди. Анын ырасташынча, өкмөттөрдүн аракеттерине карабай, диний экстремизм 28 өлкөдөн турган блоктун коопсуздугуна эң чоң коркунуч жараткан фактор бойдон кала берүүдө.

Паниагуа шаркеттин аймагында 2015-жылы теракттардан 151 киши набыт кеткенин, 360тан көбү жараланганын айтты. Террордук аракеттерге байланыштуу 1 миңден ашуун киши камакка алынган. Бул маалыматтарды Европолдун өкүлү биримдиктин парламентарийлери алдында жасаган баяндамасында ырастады. Еврошаркеттеги террорчулук боюнча жылдык баяндама эмки жумаларда жарык көрмөкчү.

XS
SM
MD
LG