Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:30

Нарымбаевдин адвокаттары Жогорку Сотко арызданат


Нарымбаевдин адвокаты Михаил Зауман сотто.
Нарымбаевдин адвокаты Михаил Зауман сотто.

Президенттик аппараттын мурдагы төрагасы Данияр Нарымбаевдин адвокаттары Бишкек шаардык сотунун чечиминин үстүнөн Жогорку Сотко кайрылат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Нарымбаевдин адвокаты Михаил Зауман билдирди. Анын айтымында, ишти караган соттук коллегия иш боюнча пайда болгон видео тасмаларды эске албастан чечим чыгарды. Ошондуктан адвокаттар Жогорку Сотко доо арыз менен кайрылмакчы.

Ал эми мамлекеттик айыпталуучулар Нарымбаев жана Коркмазов боюнча Бишкек шаардык сотунун чечими боюнча кийинчерээк комментарий берерин билдиришти.

Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаев Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеев камакта жаткан кезде анын кызынан 200 миң доллар пара талап кылган, ал эми Хажимурат Коркмазов бул иште ортомчулук милдетти аткарган деп айыпталууда. Алар былтыр жыйында кармалган.

Биринчи Май райондук соту аларга тагылган коррупция, кызмат абалынан пайдалануу деген айыптарды кыскартып, көз боёмочулук деген күнөө менен Нарымбаевди 3, ал эми Коркмазовду 1,5 жылга эркинен ажыраткан эле.

Нарымбаев менен Коркмазовдун адвокаттары аларды актоону өтүнүп, Бишкек шаардык сотуна кайрылган. Бишкек шаардык соту бүгүн айыпталуучуларды күнөлүү деп таап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. (BkA)

XS
SM
MD
LG