Орусиянын Коргоо министрлиги Сириядагы тик учактары талкалангандыгы тууралуу маалыматты төгүнгө чыгарып, аны “Ислам мамлекети” радикал уюму тараткан пропаганда деп атады.
Анын алдында АКШда жайгашкан "Стрэтфорд" чалгындоо-аналитикалык борбору сателлит тарткан сүрөттөргө таянып, Орусия пайдаланган Сириядагы аба базасы артиллериялык чабуулдан катуу жабыркаганын билдирген.
"Стрэтфорддун" маалыматына ылайык, жакында экстремисттерден кайтарылган Пальмира шаарынын жанында Орусиянын МИ-24 тик учактары талкаланганы көрүнөт. Ошондой эле 20 чакты унаанын жок кылынганын дээрлик даана байкаса болот.
14-майда “Ислам мамлекети” радикал тобу базага сокку урганын, орусиялык төрт тик учак жана амуниция ташыган 20 оор машина керектен чыгарылганын ырастаган.