Бүгүн Ош шаардык кеңеши калаа мэрин шайлайт. Облустук шайлоо комиссиясынан "Азаттыкка" кабарлашкандай, мэрликке эки талапкер ат салышууда. Шаардык кеңештеги көпчүлүк коалиция көрсөткөн учурдагы мэр Айтмамат Кадырбаев жана "Өнүгүү-Прогресс" партиясынан ишкер Алишер Мойдунов.
Ош шаардык кеңеши 45 депутаттан турат. Алардын ичинен Социал-демократтар, “Бир Бол”, “Мекеним Кыргызстан” партиялары көпчүлүк коалицияны түзөт. Ал эми “Кыргызстан”, “Өнүгүү-Прогресс”, “Республика-Ата Журт” партиялары оппозицияда.
Айтмамат Кадырбаев 2013-жылдын 15-январынан бери Ош шаарын башкарып келет.
Ал эми 38 жаштагы Алишер Мойдунов бейөкмөт жана эл аралык уюмдарда эмгектенип келген.