Кыргызстанда мал башын аныктоо үчүн жалпы суммасы 2,2 млн доллар турган 500 комплект жабдуу сатылып алынды жана 500 миң доллар суммасына атайы программалык камсыздоо иштелип чыккан. Жакында бардык айыл өкмөттөрү тийиштүү жабдуу менен камсыздалат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Алынган кабарга ылайык, мал башын аныктоо жумуштары алгач Ноокат, Кара-Буура жана Ысык-Ата райондорунда башталат. Бул райондор пилоттук аймак катары тандалып алынган. Андан соң башка аймактарда жүргүзүлмөкчү.
Кыргызстанда малды идентификациялоо боюнча мыйзам 2013-жылы кабыл алынган. Буга чейин менчик малды идентификациялоо милдети Ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга жүктөлгөн. Айыл чарба министрлигинин буга чейинки иштери начар деп бааланып, Ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга эки жума ичинде иш-план даярдап келүүнү тапшырган.
Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда 400 миң жылкы, 1,5 миллион уй, төрт миллиондой майда жандык, 7 миллионго чукул канаттуу бар.(BkA)