Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:05

Жалал-Абад: мурдагы судьяга кылмыш иши козголду


Иллюстрация
Иллюстрация

Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлады. Маалыматка ылайык, Жалал-Абад райондор аралык сотунун мурунку судьясы жана Базар-Коргон райондук мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы башчысы мыйзамдарды бузуу менен айыл чарба багытындагы жерди турак жай курууга уруксат берген чечим чыгарган.

Башкы прокуратура мындай чечимди кабыл алуу укугу өкмөткө берилгенин эскертүүдө. Жыйынтыгында мамлекетке 2,8 миллион сомдон ашык зыян келтирген. Буга байланыштуу аталган адамдарда Кылмыш кодексинин “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “Жер мыйзамын бузуу” беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Бул иш боюнча тергөө иштери башталды. (BkA)

XS
SM
MD
LG