АКШнын мамлекеттик департаменти Орусия менен кызматташкан америкалык компаниялар экономикалык тобокелчиликтерге туш болушу мүмкүндүгүн эскертти. Бул тууралуу Мамлекеттик департаменттин маалымат кызматынын өкүлү Марк Тонер билдирди.
Тонер Орусия еврооблигацияларды чыгарып жатканын эскертип, Вашингтон аларды сатып алууга тыюу салбай турганын белгиледи.
“Бирок биздин америкалык компаниялар менен кызматташтыктын алкагында Орусия менен иш алпарган ишканалар экономикалык тобокелчиликтерге туш болуп, кадыр-баркына шек туудурушу мүмкүн экенин эскертебиз”-деди Марк Тонер.
Орусия жакында эле 1,75 миллиард долларды түзгөн 10 жылдык мөөнөттөгү баалуу кагаздарды чыгарган болчу.
АКШ жана Европа Биримдиги Орусиянын Крымды аннексиялашы жана Украинанын чыгышындагы жикчилдерге колдошуна каршылык иретинде санкцияларды киргизген. Кошмо Штаттар Орусиянын “Крымды оккупациясын токтотуу" жана Минкс келишиминин талаптарын аткарууга чакырып келет.