Ош шаардык кеңеши бүгүн Аймамат Кадырбаевди шаар башчысы кызматына кайрадан шайлады. Анын талапкерлигин шаардык кеңештеги 41 депутат колдоду. Дагы бир талапкер Алишер Мойдунов 4 добуш алды.
Бул кызматка шаардык кеңештеги көпчүлүк коалиция азыркы мэр Айтмамат Кадырбаевди көрсөткөн. "Өнүгүү-Прогресс" партиясынан ишкер Алишер Мойдунов сунушталган.
Ош шаардык кеңеши 45 депутаттан турат. Алардын ичинен социал-демократтар, “Бир бол”, “Мекеним Кыргызстан” партиялары көпчүлүк коалицияны түзөт. Ал эми “Кыргызстан”, “Өнүгүү-Прогресс”, “Республика-Ата Журт” партиялары оппозицияда.
Айтмамат Кадырбаев 2013-жылдын 15-январынан бери Ош шаарын башкарып келет. (NT/ErN)