Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:09

Казак министри кыргызстандыктардан кечирим сурады


Арыстанбек Мухамедулы
Арыстанбек Мухамедулы

Казакстандын маданият жана спорт министри Арыстанбек Мухамедиулы кыргызстандыктардан кечирим сураганын казакстандык булактар жазып чыгышты. Маалыматка караганда, министрдин орун басары Галым Ахмедяров жетекчисинин билдирүүсү боюнча кат жолдогон. Анда министр өзүнүн Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы тууралуу айткандарын жалпыга маалымдоо каражаттары туура эмес кабыл алып, эл башкача түшүнүп алганын билдирген. Айтматовдун эмгектеринин мазмуну терең философияны камтый турганын, дүйнөлүк жазуучу кыраакы, көрөгөч болгонун айткысы келгенин кошумчалаган.

23-майда министрликтин былтыркы жылда аткарган иштери тууралуу отчет берип жатып Арыстанбек Мухамедиулы Орусияда кыргызстандык кыздар даараткана тазалап жүргөнү жашыруун эместигин, алар мекенинде жумуш жок болгондуктан, сыртта иштөөгө мажбур экенин, муну Айтматов мурун эле билип, эскерткенин айткан болчу. Анын бул сөзү Кыргызстанда да, Казакстанда да талкууга түшүп, сынга алынган. Казакстандык бир катар коомдук ишмерлер "маданияты жок министрдин айткандары" үчүн кыргыз элинен кечирим сураган. 24-майда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Арыстанбек Мухамедулынын сөздөрү боюнча Казакстанга нааразылык нотасын жолдогон. (NT)

XS
SM
MD
LG