Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:34

"Талибан" кыймылынын жаңы анабашы дайындалды


Өткөн аптада америкалык соккудан каза тапкан молдо Ахтар Мансурдун өлүмү тууралуу кабарды окуп жаткан адам. Пакистан.
Өткөн аптада америкалык соккудан каза тапкан молдо Ахтар Мансурдун өлүмү тууралуу кабарды окуп жаткан адам. Пакистан.

Ооганстандагы талиптер өткөн аптада америкалык соккудан каза тапкан молдо Ахтар Мансурдун ордуна жаңы лидерди дайындашты. 25-майда жасалган билдирүүсүндө "Талибан" Мансурдун өлүмүн тастыктап, эми кыймылды маркумдун орун басарларынын бири, талиптердин сотунун мурдагы башчысы молдо Хайбаттула Ахунзада жетектээрин жарыялады.

Маалыматка караганда, "Талибандын" лидерлери Пакистанда өттү делген жыйында аны бир добуштан дайындашты.

Мансур 21-майда Пакистандын Балужистан провинциясында АКШнын пилотсуз учагынын дүрмөтүнөн набыт кеткен.

Вашингтон жана Кабул ага Ооганстанда тынчтык орнотуу аракеттерине жолтоо катары карап келишкен.

XS
SM
MD
LG