Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:45

Орусияда допингге каршы мыйзам даярдалууда


Допингди текшерүү, Орусия, 24-май, 2016-жыл.
Допингди текшерүү, Орусия, 24-май, 2016-жыл.

Орусия спорттук көрсөткүчтөрдү жогорулатуу максатында кызытма колдонууну кылмыш катары караган мыйзам долбоорун кабыл аларын 24-майда өлкөнүн спорт министри Виталий Мутко билдирди. Ошол эле күнү жергиликтүү маалымат каражаттары допинг тесттери оң болуп чыккан орусиялык 14 спортчунун арасында 2008-жылы Бээжин Олимп оюндарында медаль алган 10 олимпчи бар экенин жазышты. 20-майда Кремль мыйзам долбоорун Мамлекеттик Думага жөнөтүү демилгесин колдогонун Мутко да ырастады.

ТАСС маалымат агенттиги кабарлагандай, мыйзам бузгандар 3 миллион рубль же 45 миң доллар айыппулга жыгылып же 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Допинг жаңжалы тутанганы, Орусия өткөн ноябрда жеңил атлетчилердин эл аралык таймаштарынан четтетилген.

Жогоруда айтылган 14 спортчунун анализдери экинчи текшерүүдөн өтүп, ал да позитивдүү чыкса, буга чейинки медалдарынан ажыратылып, орусиялыктар Рио де Жанейродогу Олимп оюндарына катыштырылбашы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG