Азербайжандын Жогорку соту бүгүн иликтөөчү журналист, "Азаттыктын" азери редакциясы менен кызматташкан Хадижа Исмаилованын апелляциялык арызын карамакчы. Журналист көз боемочулук жана салык төлөөдөн качуу деген беренелер боюнча өткөн сентябрда жети жарым жылга кесилип, ушу тапта жазасын өтөөдө. Батыш жана бир катар эл аралык абройлуу укук коргоочу уюмдар Исмаилова президент Илхам Алиевдин жакындары аралашкан коррупциялык иштердин бетин ачкан иликтөөлөрү үчүн куугунтукталып жатат деп, анын бошотулушун талап кылышууда. Бир нече күндөн кийин Азербайжанда Жумурият күнү белгиленет. Майрамды утурлай адатта массалык мунапыс берилет. Бейөкмөт уюмдар 27-майда өлкөнүн 40 шаарында 40 жашка чыгып жаткан Исмаилованы колдогон акцияларды өткөрүүнү пландашууда.