Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:43

Камбаралы Бобуловдун 80 жылдыгы белгиленди


Камбаралы Бобулов.
Камбаралы Бобулов.

Акын жана жазуучу, сынчы Камбаралы Бобуловдун 80 жылдык мааракеси 25-майда Бишкекте белгиленди. Шаар мэриясынан билдиришкендей, быйылкы Тарых жана маданият жылына карата уюштурулган адабий кече «Мекеним барда мен бармын» деп аталып, Камбаралы Бобуловдун чыгармачылыгына арналган. Ага акын-жазуучулар, Бобуловдун санаалаштары, туугандары, студенттер, мугалимдер, окуучулар катышты. Алар Бобуловдун эне тилди өнүктүрүүгө кошкон салымы чоң болгонун бир ооздон белгилешти. Акындын ырлары окулуп, анын чыгармачылык жолун баяндаган слайд-шоу көргөзүлдү.

Камбаралы Бобулов 1936-жылы Ош облусунун Ноокат районунда туулуп, 2003-жылы Бишкекте көз жумган. Ал Жогорку Кеңеш депутаты, «Кыргыз тил коомунун» биринчи төрагасы болгон.

Жазуучунун «Эркинбек», «Түштүк кызы», "Армандуу биздин балалык" аттуу аңгеме, повесттеринде элет турмушу, андагы карапайым адамдардын тиричилиги, өз ара мамилелери, балдардын дүйнөсү, жаштардын коомдон өз ордун табууга болгон далалаты сүрөттөлөт. Мындан тышкары анын "Махабат аралы», «Таң шоокуму», «Акын кыялы» сыяктуу ыр жыйнактары чыккан. (NT)

XS
SM
MD
LG