Экономика министрлигинде бүгүн өтө турган талкууга мамлекеттик органдар менен ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү чакырылган. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Анда аткезчиликтин бетин ачуу, алдын алуу жана чектөө багытында аткарылып жаткан иштердин абалы талданат.
Кыргызстанда айрыкча кара май аткезчилиги күч экени белгилүү.
Ишкерлер буга чейин мунай продуктуларын мыйзамсыз ташуудан мамлекеттик казынага салык жана башка төлөм түрүндө бир миллиард сомдой каражат түшпөй каларын айтып чыккан эле. (NT)