Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:45

"Китеп кербени" Жалал-Абадга жетти


Жалал-Абадда облустук китепкана тарабынан уюштурулган "Китеп кербени" акциясы өтүүдө. Китепкана жетекчиси Сейил Аталиеванын "Азаттыкка" билдирүүсүнө караганда, иш-чара Тарых жана маданият жылынын алкагында Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы кызматташуунун 25 жылдыгына карата уюштурулду.

Иш-чаранын жүрүшүндө АКШ менен кыргызстандык жазуучулардын китептери жана салттуу буюмдар көргөзмөгө коюлуп, концерттик программалар менен коштолот. Акциянын максаты - жаш муундарды китеп окууга кызыктыруу жана үндөө.

Буга чейин Майлуу-Суу шаарында жана Токтогул, Базар-Коргон райондорунда ушундай эле иш-чаралар уюштурулган. (SDz)

XS
SM
MD
LG