Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:31

“Кумтөр оперейтинг компани” 6,7 млрд. сом айыпка жыгылды


"Кумтөр" алтыны.
"Кумтөр" алтыны.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Мамлекеттик экотехинспекциянын басма сөз кызматкери Анара Мамбеталиева билдирди. Анын айтуусунда, район аралык сот экотехинспекциянын арызынын негизинде ишти карап, “Кумтөр оперейтинг компанини” 6,7 млрд. сом айыпты төлөп берүүгө милдеттендирди.

- Жалпысынан экотехинспекция төрт арыз бергенбиз. Азыркы учурда анын экөө каралып бүттү. Натыйжада биз тарап толугу менен сотто "Кумтөр" тарабынан экологияга зыян келгени далилдеп, экологиялык мыйзам бузулганын аныктап бердик.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция “Кумтөр оперейтинг компани” "кенди казууда калдыктарды муздун үстүнө таштаган", "жер катмарын бузган", "эсепке алынбаган уу заттарды калдык сактоочу жайга төккөн" жана "суу үчүн акы төлөгөн эмес" деген төрт доо менен сотко кайрылган.

23-майда инспекциянын биринчи доосу канааттандырылып, “Кумтөр оперейтинг компанини” 663 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирген. Экинчи доо менен компания төлөчү айыптын жалпы суммасы 6,7 млрд. сомго жетти.

“Кумтөр оперейтинг компани" бул доолорго макул болбой, жогорку инстанцияга кайрыла турганын маалымдоодо. (SDz)

XS
SM
MD
LG