Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:13

Футбол: Кыргызстан менен Иран жолдоштук беттешүү өткөрөт


Футбол күйөрмандары.
Футбол күйөрмандары.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 7-июнда Ирандын улуттук курама командасы менен расмий жолдоштук беттешин өткөрөт. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол федерациясынын маалымат кызматы кабарлады. Оюн Тегеран шаарында өтөт.

Буга чейин Кыргызстандын улуттук курама командасы менен Ливан жана Өзбекстандын улуттук курама командалары ойноодон баш тартышкан.

“Сүйлөшүүлөр олуттуу жүрдү. Команданын курамы эң күчтүү болорун белгилеп күйөрмандарды кубанткыбыз келет. 28-майда баштала турган окуу машыгууга чет өлкөлөрдөгү клубдарда ойногон футболчуларыбызды чакырдык. Биздин оюнчулар үчүн Азиянын номур биринчиси менен ойноо олуттуу сыноо. Биз жаңы деңгээлге чыккыбыз келет”, - деп жазылган билдирүүдө.

ФИФА рейтингинде Иран 42, Кыргызстан 100-орунда турат. (ECh)

XS
SM
MD
LG