Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:23

Нарын облусунун эт азыктары Орусияга экспорттолот


Бул тууралуу өкмөттүн Нарындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Касен Азизов билдирди. Ал 18-майдан 22-майга чейин облустагы бардык акимдердин биринчи орун басарлары жана жеке ишкерлер менен Москва шаарына иш сапары менен барып келген. Сапардын алкагында Москва шаарындагы “Ярослав” аттуу эт камбинатынын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөр болуп, эки тараптуу келишимге кол коюлду.

Өткөн жылы Нарында мал ылаңы байма-бай чыгып, облуста эпизоотиялык абал туруксуз болгон. Мындан улам малдын баасы арзандап, малчылар бир топ убара тартышкан. Ал эми облус башчасы Аманбай Кайыпов ар бир райондо бештен ветеринардык эмкана ачууну акимдерге тапшырган. Бирок учурда бул иштер солгун жүрүүдө. (MiK)

XS
SM
MD
LG