Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:46

Мунайга баа быйыл биринчи жолу 50 доллардан ашты


26-майда Азиядагы соода аянттарында бир баррель мунайдын баасы 50 доллардан ашып, Орусия, Казакстан, Иран жана Ирак сыяктуу мунай өндүрүүчү өлкөлөрдүн экономикасынын өсүшүнө өбөлгө түздү.

Жылдын башында 27 доллар болгон мунай Иран өндүрүшүн көбөйтүүсүнө, ОПЕК, Орусия жана башка мунай өндүрүүчү өлкөлөрдүн Дохада келишимге жетише албаганына карабай кымбаттоодо. Талдоочулар муну АКШнын Федералдык резервдик системасы үстөк пайызды көтөрүп, доллардын бекемделүүсүнө алып келүүсү, мунай көп өндүргөн Канадада токойдо өрт чыгышы жана Нигерияда башаламандык менен байланыштырууда.

26-майда Сингапурда мунайдын Brent маркасы 50 доллар 01 цент, Кошмо Штаттарда West Texas Intermediat 49 доллар 77 цент болду. (AiT)

XS
SM
MD
LG