Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:43

Францияда иш таштоолор энергетика тармагын аксатты


Франциянын атомдук электр станция, мунайды кайра иштетүүчү заводдорунун, порт жана транспорт системасынын жумушчуларынын иш таштоосу өлкөнү энергетика менен камсыз кылууну үзгүлтүккө учурата турган болууда. 26-майда электр кубатын өндүрүү 5 ГВт кыскарган. АЭСтердин кесиптик кошууну иш таштоого кошулуу чечимин кабыл алгандан кийин атомдук реакторлордо өндүрүш төмөндөтүлдү.

Мунай заводдорун тосмолоого байланыштуу күйүүчү майдын келиши кыскарган. Ошондуктан өкмөт 25-майда стратегиялык корун ачарын жарыялады. Париждеги Орли аба майданы учууларды 15% кыскартты. Иш таштоо президент Франсуа Олланддын мөөнөттөн сырткары иштеген үчүн маянаны кыскартуу жана кызматкерлерди иштен бошотууну жеңилдетүү багытындагы Эмгек кодексине өзгөртүү киргизүү максатына каршы уюштурулууда. Иш таштоонун күчөшүнө байланыштуу өкмөт башчы Мунэль Вальс реформа “өзгөртүлүшү” мүмүкүн экенин билдирди. (AiT)

XS
SM
MD
LG