Бишкекте ТИМдин консулдук кызматынын жетекчиси Эркин Асангулов Беларустук кесиптеши Игорь Фисенко менен жолукту. Тараптар Кыргызстанда кылмыш кылып, Беларуста жашынып жүргөн жарандарды өз мекенине өткөрүп берүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Кыргыз тарап эл аралык издөөдө жүргөн адамдар Кыргызстанга өткөрүлүшү керектигин Беларус дипломаттарына билдирди.
Билдирүүдө айтылгандай, Асангулов менен Фисенко эки мамлекеттин жөнөкөй жарандары убактылуу бири-биринин өлкөлөрүндө жүрүү мөөнөтүн тактоо зарылдыгына токтолушту. Тараптар бул маселе ЕАЭБдин мыйзамдарына ылайык тең алкакта жүрүүсү керек, деп макулдашты. (SDz)