Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:07

Камактагы оппозициялык саясатчылардын адвокаттары Жогорку сотко кайрылат


Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асанов.
Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асанов.

Бишкек шаардык соту оппозициялык саясатчылар Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыровдун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча доо-арызды 25-майда карап, Биринчи Май райондук сотунун чечимин өзгөртүүсүз калтырды. Райондук сот 7-майда эки саясатчыны камактагы мөөнөтүн 12-июлга чейин узарткан болчу. Айыпталуучулар соттун бул чечимине нааразы болуп, шаардык сотко кайрылышкан.

Асановдун адвокаты Разак Ашымбаев эми Жогорку сотко доо-арыз жолдонорун “Азаттыкка” билдирди.

Оппозициялык саясатчылар - "Эгемен Кыргызстан" партиясынын лидери Бектур Асанов менен "Чындык" партиясынын жетекчиси Кубанычбек Кадыровду Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 24-мартта камакка алган. Ага 22-мартта оппозициячыл маанайдагы айрым саясатчылардын Ошто өтчү жыйыны, бийликти күч менен алмаштыруу тууралуу сүйлөшүүлөрү делген эки аудио тасманын интернетте тараганы себеп болгон. УКМК бул аудио мурда козголгон кылмыш иштин негизинде жаздырылгандар менен дал келерин айткан. Ал эми сүйлөшүүгө катышкандар бийликти күч менен басып алууга камынып жатат деген дооматтарды четке кагып, муну каралоо деп атап келет.

Бул иш боюнча шектелип жаткандардын бири, мурдагы мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов да 12-июлга чейин үй камакта калды. (NT)

XS
SM
MD
LG