Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:05

№50 абактан качкандардын соту уланат


Абактан качып чыккандар.
Абактан качып чыккандар.

Бишкектин Свердлов райондук соту бүгүн №50 абактан качкандар боюнча териштирүүнү улантат. Акыркы жараян 25-майда болуп, абакта отургандар көрсөтмө беришкен. Бүгүн да күбөлөрдүн маалыматы угулат.

Былтыр 12-октябрда Чүй облусунун Төмөнкү Нооруз айылында жайгашкан №50 түрмөдөн тогуз адам үч кызматкерди өлтүрүп, бирөөнү оор жарадар кылып, качып чыккан. Алардын бешөө дароо кармалып, качып кеткендердин үчөө кармоо операциясы учурунда жок кылынган. Эдил Абдрахманов бутуна ок тийип, тирүү кармалган.

Бул иш боюнча аны менен бирге Музаффар Уринов, Болот Курбанахуновго абактан качуу, адам өлтүрүү фактысы боюнча айып тагылган. Ошондой эле абактан качкандарды жашырган деген күнөө менен Алтынбек Итибаевди ташып жүргөн Максат Абдрахманов жана ал жашап турган үйдүн ээси Нурсият Рысбекова да соттолуп жатышат. (NT)

XS
SM
MD
LG