Линктер

жекшемби, 28-май, 2017 Бишкек убактысы 22:39

Депутаттар кырсыктан жабыркагандардын абалы менен таанышат


Алмалуу-Булак айылындагы жер көчкү.

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаттары бүгүн Сузак районундагы Алмалуу-Булак айылында жер көчкүдөн жапа чеккен жашоочулар менен жолугушуп, кырсыктан кийинки калыбына келтирүү иштери менен жеринде таанышат. Фракция лидери Иса Өмүркулов баштаган депутаттар мындан сырткары Базар-Коргон районундагы Ооган-Талаа айылында селден жабыркагандар менен да кезигет. Ал эми эртең Аксы районуна барышат.

Катуу жааган жаандан улам май, апрель айларында Сузак районунун Алмалуу-Булак, Жалгыз-Жаңгак айылдарында жер көчкөн. Базар-Коргон, Аксы райондорунун бир катар айылдары селден жабыркаган. (RsK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG