Жогорку Кеңештеги “Бир бол» фракциясы бүгүн кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгүн талкуулайт. Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, бул тууралуу маалымат берүү үчүн фонддун жетекчиси Кубанычбек Кулматов, вице-премьер-министр Олег Панкратов, каржы министри Адылбек Касымалиев, экономика министри Арзыбек Кожошев,бажы, салык кызматтарынын төрагалары чакырылган.
Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду ЕАЭБге киргенден кийин Кыргызстандын экономикасын жаңыртуу жана өнүктүрүү максатында 2014-жылы ноябрда негизделген. Фонддун жалпы кору 1 миллиард долларды түзөт. (NT)