Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:55

Кытай өндүрүш ишканаларын Кыргызстанга көчүрүү тууралуу демилгени колдоду


Кытайдагы телевизор жасоо ишканасында. Шенян, Ляониң вилайети. 27.8.2012.
Кытайдагы телевизор жасоо ишканасында. Шенян, Ляониң вилайети. 27.8.2012.

Кыргызстандын Экономика министрлигинен кабарлангандай, кытай тарап өз өндүрүш ишканаларын Кыргызстандын аймагына көчүрүү тууралуу Бишкектин демилгесине оң жооп берди.

Министрликтин бөлүм башчысы Зайнидин Жумалиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, жакынкы убакта Кытайдан атайын жумушчу делегациясынын келиши күтүлүүдө.

- Биз Кытайдын ишкерлерине бир катар өзүбүздө токтоп турган завод, фабрикаларды көрсөтөлү деп жатабыз. Алсак, Беловодскидеги кант жана жүгөрүнү кайра иштетүүчү заводдор токтоп турат. Токмоктогу кирпич жана бир катар заводдор бар, ушундай эле иштебей турган ишканалар Ысык-Көлдө дагы бар. Биз булардын бардыгын кытайлык ишкерлерге көрсөтүп, алар кайсынысына инвестиция жасай турганын өздөрү чечишет.

Кытайдан өнөр жай ишканаларын Кыргызстанга көчүрүп келүү демилгеси 2015-жылы премьер-министр Темир Сариевдин Бээжинге иш сапары учурунда көтөрүлгөн. (SDz)

XS
SM
MD
LG