“Бизге бөтөн элдин жеринин кереги жок, бирок бирөөлөр бизге кол салса, аны сындырганга дараметибиз да жетет!” – деп жазылат президент Алмазбек Атамбаевдин Куралдуу күчтөрдүн күнү менен куттуктоосунда. Мындан башка өлкө башчынын аскерлерди куттуктоо текстинде:
“Азыр абал түп-тамырынан өзгөрдү. Бүгүн Кыргызстан чакан, бирок заманбап курал-жарак менен камсыз болгон Куралдуу күчтөргө ээ. Куралдуу күчтөрүбүз жаӊыланып, заманбап аскерий инфраструктурасы түзүлүүдө, аскер кызматкерлеринин маянасы көтөрүлүп, турак-жай, башка социалдык муктаждыктары чечилип жатат. Ошондуктан, аскер кызматынын кадыр-баркы күн сайын өсүп, армияда кызмат өтөөгө умтулган жаштардын саны арбыды”, - деп жазылат.
Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн маалымдагандай, президент куттуктоосунда аскер кызматкерлерине, бардык кыргызстандыктарга кажыбас кайрат, чыӊ ден соолук, ийгиликтерди каалады.
Кыргызстандын Куралдуу күчтөрү 1992-жылы 29-майда экс-президент Аскар Акаевдин буйругу менен түзүлгөн. Буйрукка ылайык советтик армиянын Кыргызстандын аймагындагы бардык аскер бөлүгү бир башкарууга бириктирилген. (SDz)