Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:36

“Центерра Голд” жогорку инстанцияга апелляциялык арыз жолдойт


"Кумтөр" алтыны.
"Кумтөр" алтыны.

“Кумтөр оперейтин компани” 26-июнда райондор аралык соттун чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен жогорку инстанцияга кайрылат. Компаниянын президенти Дэниел Дежарден бүгүн маалымат жыйында билдиргендей, Мамлекеттик экологиялык техникалык инспекциянын дооматтары орунсуз. "Кумтөр" алтын кен ишканасы тарабынан ушу тапта аткарылып жаткан иштер 2009-жылкы инвестициялык макулдашуулардын чегинде жүрүүдө. Дежарден ушуга чейин компания экологиялык нормаларды бекем сактап, салыктарды маалында төлөп келгенин билдирди.

- Андан тышкары "Кумтөр" долбоору көптөгөн жылдар аралыгында кыргыз жана эл аралык эксперттерди тартуу аркылуу системалуу текшерүүлөр менен иликтөөлөрдөн өтүп келген жана алар ага ылайык курчап турган чөйрөнү коргоо нормативдеринин сакталуу маселесин тыкан изилдеп чыгышкан. “Центерра” жана "Кумтөр оперейтинг компани" экотехинспекциянын дооматтарына каршы жана Бишкек шаардык сотуна зарылчылык болсо Жогорку сотко кайрылмакчы.

26-майда Бишкектин райондор аралык соту Кумтөр компаниясын экологияга келтирген зыяны үчүн 6,7 миллиард сомго чукул акчаны төлөөгө милдеттендирген. (SDz)

XS
SM
MD
LG