Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:02

Кумтөр: алтын өндүрүү көлөмү азайды


"Кумтөр" алтыны.
"Кумтөр" алтыны.

“Центерра Голд инк” компаниясы маалымдагандай, 2016-жылдын биринчи чейрегинде 86 миң унцийден ашуун алтын өндүрүлдү. Бул бир жыл мурункуга салыштырмалуу дээрлик эки эсе аз. Былтыр жылдын биринчи кварталында 164 миңден ашык унций алтын өндүрүлгөн. Компаниянын президенти Дэниел Дежарден көрсөткүчтүн төмөндөшү курамында металл аз жаңы тилкедеги жерди казуудан улам болуп жатканы менен түшүндүрөт.

- Өткөн жылы биз №16 тилкеде карьердин акыркы баскычтарына келип калган болчубуз. Ал жерде алтындын курамы жогору болгон. Быйыл жылдын башындагы үч айда эки тонна 600 кг алтын өндүрдүк. Буга карабай компания жыл башынан бери мамлекетке 1,6 миллиард сомдон ашуун салыктарды төлөдүк.

Дежарден кошумчалагандай, компания алтындын эң чоң бөлүгүн жылдын экинчи жарымында алтынга бай рудалуу борбордук карьердин зонасына жеткенде өндүрүүнү максат кылууда. Натыйжада жылдын аягына чейин Кумтөр 16 тоннага чейин алтын өндүрүү планын коюуда. (SDz)

XS
SM
MD
LG