Украинадагы кагылышуу дагы деле уланып жатканына байланыштуу “Чоң жетиликке” кирген өлкөлөр Орусияга каршы санкцияны узартууга макулдашты. Бул тууралуу Улуу Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон Жапониядагы саммиттен кийинки маалымат жыйында билдирди.
Кэмерон учурдагы санкциялар Минск келишими толугу менен аткарылганга чейин улана берерин кошумчалады.
Билдирүүдө “жетилик” Крымдын аннексияланышын айыптап, жарым аралдагы референдум жыйынтыгын тааныбай турганы белгиленген. Жетиликтин лидерлери Украина согуш аймагында ок атууларды токтотуу үчүн конкреттүү чараларды кабыл алуусу зарылдыгын ырасташты.
Европа биримдиги тарабынан Орусияга киргизилген санкциянын мөөнөтү июль айынын этегинде аяктайт. (SDz)