Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Январь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:05

"Мегаком" июнда аукционго коюлат


“Альфа Телеком” ЖАКтын 100 пайыз акциясы 16-июнда сатыкка коюлат. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлк фондунун маалымат кызматы кабарлайт. Бул ирет "Мегакомдун" баштапкы баасы 19 млрд. 7 млн. сом деп коюлууда.

Аукционго катышуу үчүн арыздар 15-июнга чейин кабыл алынат. Кызыккан тараптар алгач жалпы баанын он пайызын атайын эсепке которуу зарыл.

“Мегаком” компаниясы 2010-жылы улутташтырылган. Буга чейин ишкананы сатып алууну каалоочулар чыкпай койгондуктан аукцион артка жылдырылган. (SDz)

 

XS
SM
MD
LG