Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:07

Обама Хиросимада ядролук апааттын курмандыктарын эскерди


Обама Хиросимада гүлчамбар коюуда
Обама Хиросимада гүлчамбар коюуда

Барак Обама бийликте туруп Хиросимага барган Кошмо Штаттардын биринчи президенти болуп калды

Обама 1945-жылы 6-августта Америка атомдук бомба таштаган шаарга барып, тарыхый апааттын курмандыктарын эскерүү зыйнатына катышты:

- Учурдан пайдаланып, тынчтык жана ядролук куралсыз коопсуз дүйнө курууга жетишүү максатыбызды дагы бир жолу билдирем. Ошону менен бирге эң эле кейиштүү жагдайлардан өтүп, анан жөн эле өнөктөш болуп калбай, ишенимдүү дос жана союздаштык мүмкүнчүлүгүн көрсөттүк. Биздин альянстын күчүн мен ушундан көрөм.

Президент Обама “Хиросимага сапары "Экинчи дүйнөлүк согуштун бейкүнөө курмандыктарын эскерүү жана ядролук куралдын жайылуу коркунучуна дүйнө көңүлүн буруу, аны эскертүү зарылдыгын көздөрүн” кошумчалады. Обама бийликте турганда ядролук куралдын жайылышын токтотууга өзгөчө маани берип келди. Президент Обаманын Хиросима сапарында жапон премьер-министри Синдзо Абэ коштоп жүрдү.

XS
SM
MD
LG