Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев азык-түлүккө эмбаргону 2017-жылдын аягына чейин узартууну өкмөткө тапшырды. Бул тууралуу "Интерфакс" агенттиги жазат.
Орусия 2014-жылы АКШ, Евробиримдиги, Канада, Австралия жана Норвегия өлкөлөрүнүн продукцияларына чектөө киргизген.
Кремль бул кадамдарды Батыштын санкциясына жооп катары киргизгенин айтып, Батышты Орусиянын ички ишине кийлигишип жатат деген.
Былтыр орус президенти Владимир Путин эмбаргону бир жылга узартып, Орусиянын коопсуздугуна байланыштырган. (SDz)