Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:41

Путин: Савченко өлгөн журналисттердин туугандарынын өтүнүчү менен бошотулду


Надежда Савченко
Надежда Савченко

Орусия президенти Владимир Путин украиналык учкуч Надежда Савченконун бошотулушуна Минск келишиминин тиешеси жоктугун билдирди. Путиндин 27-майдагы маалымат жыйынында билдиргени боюнча Савченко өлгөн орусиялык журналисттердин жакындарынын өтүнүчү менен айыбы кечирилип, бошотулган. Анын сөзү боюнча, Савченкону бошотуп, кайтарып берүү маселеси Украина президенти Петро Порошенко менен узакка талкууланган. Путин ошондой эле Савченкону бошотуу менен Украинада соттолуп, камакта жаткан эки орусиялык жаранды мекенине кайтаруу башкы милдет болгонун белгиледи.

Украиналык учкуч Надежда Савченко 2014-жылдын жайында ВГТРКнын эки журналистин өлтүрдү деп Орусияда 22 жылга абакка кесилген. Бирок 25-майда Орусия президенти Владимир Путин анын айыбын кечирүү жөнүндө жардыкка кол коёру менен Савченко бошотулган. Ошол эле күнү президент Порошенко Чыгыш Украинада колго түшкөн орус жарандары Евгений Ерофеев жана Александр Александровду бошотуу тууралуу жардыкка кол койгон.

XS
SM
MD
LG