Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:14

Чек ара кызматын жакшыртуу улантылат


Мамлекет тарабынан Чек ара кызматын материалдык-техникалык жактан жабдууну жакшыртуу, чек арачылардын эмгек маянасын жогорулатуу, социалдык жактан коргоо, алардын үй-бүлөлөрү менен ыңгайлуу батирлерде жашоосун камсыз кылуу боюнча кийинки жылдары көп иштер жасалууда. "Бул аракеттер мындан ары да улантылат" деп айтылат президенттин чек арачыларды кесиптик майрамы менен куттуктоосунда.

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев өз куттуктоосунда көз карандысыздыктын кадырын, баркын билген жана өз бүтүндүгүнүн камын көргөн мамлекет үчүн чек араны кайтаруу эң маанилүү милдет экенин белгилеп, эрдикти, чыдамкайлыкты, чыныгы кесипкөйлүктү талап кылган ардактуу жана абройлуу кесипти аркалаган чек арачыларды кесиптик майрамы менен куттуктады. Президент "ден соолугун жана өмүрүн тобокелге салып, катаал шарттарда: алыскы чек арада жайды жайлай, кышты кыштай, күн-түн дебей кызмат өтөгөн чек арачылар жалпы элдин сыймыгы" деп белгилеген.

28-май - Кыргызстанда Чек арачыларлын кесиптик майрамы.(ZKo)

XS
SM
MD
LG