Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:44

Ысык-Атада кыргыздар менен дунгандар чогулуп турганы айтылууда


Ушул тапта Ысык-Ата районундагы Ивановка айлында кыргыздар жана дунгандар эки тарап болуп чогулуп турушат. Бирок кагылышуу болгон жок. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирип, милиция кырдаалга көз салып турганын маалымдады.

Маалыматка ылайык, чырдын келип чыгышына дунгандар кыргыз кызды сабады деген маалымат себеп болгон. 27-майда кечке жуук бул маалыматты уккан кыргыздар чогулушкан. 28-майда таңдан бери Ивановкада кыргыздар да, дунгандар да чогулуп турушат.

Ысык-Ата райондук администрациясынын аппарат жетекчиси Болот Максутбаевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча, кызды сабады деген окуя бир ай мурун болгон:

"Кызды сабады деген дунган анын материалдык чыгымдарын төлөп берген. Кыз доом жок деп билдирген болчу. Эми эмне себептен кайра ал окуя козголуп атканы түшүнүксүз. Азыр кырдаалды көзөмөлдөп турабыз. Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы келиптир, райондук милициянын жетекчиси да ошол жерде. Акимдин орун басары да эл чогулган жерде жаштарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат", деди Максутбаев.

Акыркы жылдары Чүй облусунун Искра, Петровка, Маевка айылдарында кыргыздар менен дунган, күрт, түрк тектүү жергиликтүүлөр ортосунда чатактар катталган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG