Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:55

Украинадагы өрттө 17 киши каза болду


Өрттөнүп кеткен бул эки кабаттуу имаратта карылар үйү жайгашып, анда 35 киши жашап жаткан.
Өрттөнүп кеткен бул эки кабаттуу имаратта карылар үйү жайгашып, анда 35 киши жашап жаткан.

Киевге жакын Леточки айылында жайгашкан карылар үйүндө чыккан өрттөн 17 киши каза болуп, бешөө ооруканага жаткырылган. Украинанын чукул кырдаалдар кызматынын маалыматы боюнча өрт тууралуу маалымат 29-майга караган түнү саат 03:43тө түшкөн. Өрттү өчүрүүгө беш саат кеткен.

Өрттөнүп кеткен эки кабаттуу имаратта карылар үйү жайгашып, анда 35 киши жашап жаткан. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби аныкталууда. Полиция өрттүн чыгышына себепкер делген шектүү адам кармалганын маалымдады.

Украинанын президенти Петро Порошенко өрттө каза болгондордун үй-бүлөсүнө көңүл айтты.

XS
SM
MD
LG