Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:49

Аба ырайы: тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн


29-30-майда аба ырайынын туруксуздугуна жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. 

30-майда кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй жана Талас облустарында түнкүсүн 9...14, күндүзү 22...27 градус жылуу болот.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 11...16, күндүзү 25...30 градуска чейин ысыйт.

Ысык-Көл жана Нарын облустарында түнкүсүн 4...9, күндүзү 15...20 градус жылуу болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын болуу ыктымалы аз. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 11...13 градус, күндүз 25...27 градус болот.

XS
SM
MD
LG